ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 390
Терек-Сай айылынын тургундарына материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган: Терек-Сай айылынын тургундары: Джапарова Нарбүгө, Казакбаева Уулканга, Даминов Юлдашбайга ден соолуктарына, Болуш айылынын тургуну Тойчуева Ибадатка ден соолугуна, Ак-Терек айылынын тургундары: Орозова Майрамканга, Боромбаева Айсадага,Сарпбеков Жеңишбекке ден соолуктарына , Наркулова Кундуз небересинин ден соолугуна, Кызыл-Токой айылынын тургундары: Чоюнова Нургүлгө, Эргешова Нарбүгө турмуш шарттарына байланыштуу, Оморкулова Айжанга кызы Алмазбек кызы Диананын Кыргыз аялдарынын сулуулугун даназалоо максатында Америка мамлекетиндеги өтүүчү дүйнөлүк сулуулар конкурсуна катышуу үчүн взнос төгүүгө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган тургундарга: Джапарова Нарбүгө дарыланууга 20 000 (жыйырма миң) сом, Казакбаева Уулканга дарыланууга 10 000(он миң) сом, Даминов Юлдашбайга дарыланууга 15 000 (он беш миң) сом, Тойчуева Ибадатка дарыланууга 40 000 (кырк миң) сом, Орозова Майрамканга дарыланууга 20 000 (жыйырма миң) сом, Боромбаева Айсадага дарыланууга 15 000 (он беш миң) сом, Сарпбеков Жеңишбекке ден соолугуна байланыштуу 40 000 (кырк миң) сом, Наркулова Кундуз небересин дарылатуу үчүн 40 000 (кырк миң) сом, Чоюнова Нүргүл турмуш шартына байланыштуу 10 000 (он миң) сом, Эргешова Нарбүгө турмуш шартына байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) сом, Оморкулова Айжанга кызы Алмазбек кызы Диананын сулуулар конкурсуна катышуу үчүн взнос төгүүсүнө 40 000 (кырк миң) сом материалдык жардам көрсөтүү үчүн, жалпы 270 000 (эки жүз жетимиш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |