ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 397
Терек-Сай маданият үйүнө санитардык түйүн (санитарный узел) куруудагы курулуш иштерине кошумча каражат карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай маданият үйүнө санитардык түйүн (санитарный узел) куруудагы проектке кирбей калган кошумча жумуштарына акча карап берүү жөнүндөгү мекеменин жетекчиси К.Токонованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай маданият үйүнө санитардык түйүн (санитарный узел) куруудагы проектке кирбей калган кошумча жумуштарына 150 000 ( бир жүз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |