Редакцияот 05.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

2023-жылдын 5-июну № 400

“ Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына лизинг аркылуу техника алууга кошумча акча каражатын карап берүү жөнүндө

“Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан “Айыл Банк” Ачык акционердик коомунан лизинг аркылуу алынып жаткан техникаларга которулган сумма , инфляцияга байланыштуу жетпей калгандыктан, кошумча 100 000 сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Ш.Балтагуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан “Айыл Банк” Ачык акционердик коомунан лизинг аркылуу алынып жаткан техникаларга которулган сумма , инфляцияга байланыштуу жетпей калгандыктан, кошумча 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4.Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.