ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз ХVIII (он сегизинчи) сессиясы
2023-жылдын 6-июну № 132/XVIII-28
Алмалуу айылына бөлүнгөн жалпы 600,0 миң сом акча каражатын, Тогуз-Булак айылына бөлүнгөн 525,0 миң сом акча каражатын, Жогорку Ичке-Суу айылына бөлунгөн 235,0 миң сом акча каражатын жана Алмалуу айылына балдар аянтчасын курууга каралган 300,0 миң сом акча каражатынан, калган 100,0 миң сом акча каражатын төмөнкүдөй категорияларын которгонго Ысык-Ата айылдык кеңеши карап, талкуулап чыгып, Токтом кылат:
1. Алмалуу айылына 2022-жылдан калган эркин калдыктан болүнгөн 600,0 миң сом акча каражатын социалдык обьектилердин ген.планын жасатууга, бала бакчаны капиталдык ремонттон өткөрүүгө жана бейтапкана курууга сметасын түзүүгө сметчик жалдоого, долбоорлор менен иш алып барууга жана башка документтерин жасатууга карап берүүгө;
2. Тогуз-Булак айылына 2023-жылдын бюджетинен кабель сатып алууга бөлүнгөн 425,0 миң сом жана 2022-жылдан калган эркин калдыктан суу түтүктөрун сатып алууга каралган 100,0 миң сом акча каражаты жалпысынан 525, 0 миң сом акча каражатына Тогуз-Булак айылына сугат суу тартып келүүгө суу түтүктөрун сатып алууга;
3. Жогорку Ичке-Суу айылына 2022-жылдан калган эркин калдыктан бөлунгөн 172,0 миң сом жана 2023-жылдын бюджетинен бөлунгөн 63,0 миң сом акча каражатынан футболодук аянтчасын курууга материал сатып алууга;
4. Алмалуу айылына каралган балдар аянтчасын курууга каралган 300,0 миң сом акча каражатынан калган 100,0 миң сом акча каражатынан суу түтүктөрүн жөнгө салып тургуч материалын (задвижка) сатып алууга бөлүнсүн.
5. Бул Токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Айбековага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |