Редакцияот 06.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезексиз ХVIII (он сегизинчи) сессиясы

2023-жылдын 6-июну № 133/XVIII-28

Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаты Г.Байтемированын кайрылуусун кароо жөнүндө

Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаты Г.Байтемированын кайрылуусун Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаты Г.Байтемированын кайрылуусунда көрсөтүлгөн Таш-Башат айылына бөлүнгөн акча каражатынын 300,0 миң сом (үч жүз) балдар аянтчасына, 200,0 (эки жүз) миң сом футбол аянтчасына, 150,0 (жүз элүү) миң сом айылдын ички жолдорун оңдоого (кум, таш) төгүу үчүн ГСМ алууга багыты өзгөртүлүп, бөлүнсүн.

2.  Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Айбековга жүктөлсүн.

     Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Ж.Бейшекеев