Редакцияот 28.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги VI сессиясы

2022-жылдын 28-февралы № 6/09

Президентин жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө

Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевдин Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун той-мааракелерди өткөрүү жана маркум узатуу тууралуу чыгарган жарлыгын аткарууга алып, маркум узатууда мал союуга чектөө киргизүү тууралуу сунушун талкуулап, Лейлек айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун той-мааракелерди өткөрүү жана маркум узатуу тууралуу жарлыгы аткарууга алынсын.

 

2. Той-мааракелерди өтекөрүү жана маркум узатуу ырасымдарына чектөө киргизүү үчүн айыл өкмөтүнүн алдында комиссия курамы түзүлүп, жобо иштелип чыгышсын.

 

3.  Айыл аймагынын айылдарында жалпы элдик жыйындар өткөрүлүп, Президенттин жарлыгын аткарууга алууну колго алуу максатында протоколдун негизинде комиссия курамы түзүлүп, түзүлгөн комиссия курамы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

 

4.  Жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевге тапшырылсын.

 

5.  Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, этика жана тартип маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Т. Мукарамов