ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 28-февралы № 6/02
Лейлек айыл аймагынын тургундарынын бюджеттик коомдук угууда сунуштаган маселелерди кароо жана Лейлек айыл өкмөтүнүн иш планын, туруктуу өнүктүрүү программасынын 2021-жыл ичинде аткарылышын, 2022-жылга карата сунушталган иш-чараларын 2023-2024-жылдарга карата болжолун бекитүү жөнүндө
Лейлек айыл аймагынын тургундарынын коомдук бюджеттик угууда берген сунуштарын карап чыгып, туруктуу комиссиянын чечиминин сунушун жана Лейлек айыл өкмөтүндө 2021-жылга карата туруктуу өнүктүрүү программасына кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышы жана 2022-жылга карата сунушталган 2023-2024-жылдарга болжолдуу иш-чаралары тууралуу Лейлек айылдык кеңешинин финансы-экономика бюджет жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кабыл алган чечими угуп жана талкуулап, Лейлек айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек айыл аймагынын тургундары менен өткөрүлгөн бюджеттик коомдук угуулардын протоколдору жактырылсын.
2. Лейлек айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын жана 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы өзгөтүүлөр жана толуктоолору бекитилсин.
3. Лейлек айыл өкмөтүнүн туруктуу өнүктүрүү программасынын 2021-жыл үчүн кабыл алынган иш-чараларынын аткарылышы тууралуу туруктуу комиссиянын кабыл алган чечими көңүлгө алынсын.
4. Лейлек айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата туруктуу өнүктүрүү программасына киргизилген 45 иш-чара 171707,0 миң сом менен бекитилсин. Лейлек айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү программасына сунушталган болжолдуу иш чаралары 2023-жылга 18 иш-чара 79380,0 миң сом менен, 2024-жылга 20 иш-чара 15690,0 миң сом менен өзгөртүү, толуктоолору менен бекитилсин.
5. Айыл аймагынын айылдарында өткөрүлгөн коомдук угууларда сунушталган маселелердин үстүндө ар бир айылдын айыл башчылары иш-чара түзүп, түзүлгөн иш-чаранын үстүндө иш алып баруу жагы тапшырылсын.
6. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевге калтырылсын.
Төрага: | Т. Мукарамов |