Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 28-февралы № 6/03
Лейлек айыл өкмөтүнүн салыктарынын 2021-жылга карата аткарылышын жана 2022-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Лейлек айыл өкмөтүнүн кирешелеринин жана салык жыйымдарынын 2021-жыл ичинде аткарылышы жана 2022-жылга карата иш планы тууралуу айыл өкмөтүнүн улук салык инспектору И. Сапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап кабыл алган айылдык кеңештин финансы-экономика, бюджет жана өнөр жай маселелелри боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Лейлек айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек айыл өкмөтүндө 2021-жыл ичинде кирешелеринин жана салык жыйымдарынын аткарылышы канааттандыраарлык деп белгиленип, салык инспектору И. Сапаровдун берген сунушу көнүлгө алынсын.
2. Лейлек айыл өкмөтүнүн киреше салыктарын жыйноо тууралуу 2022-жылга карата түзүлгөн планы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, Лейлек айыл аймагындагы үлүш жерлеринин ээлери юридикалык жер салыгын төлөөдөн бошотулсун.
4. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Т. Мукарамов |