Редакцияот 28.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги VI сессиясы

2022-жылдын 28-февралы № 6/05

Лейлек жайыт комитетинин 2021-жылга карата жобосун, бюджетин, иш планын, мал башына акы төлөмдөрүн, эки тараптуу келишимин бекитүү жөнүндө

Лейлек жайыт комитетинин 2020-жылга коюлган иш планынын, бюджетинин аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын жер жана граждандык Кодексине. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жерлерин башкаруу жөнүндө.(Мыйзамына). Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 жайыттар жөнүндөгү Мыйзамына. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-июнь 2009-жыл №386 токтомун жетекчиликке алуу менен айыл аймагында жашап жаткан бардык атуулдарга жайыттарды жана жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн малдардын ар бир башына, ошондой эле жаратылыш ресурстарын көлөмдөрүнө жараша жобосун жана акы төлөө өлчөмдөрүн, жайытты башкаруу боюнча айыл өкмөт менен түзүлгөн эки тараптуу келишимин карап чыгып талкуулап, Лейлек айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Лейлек жайыт комитетинин 2021-жылдагы иш планынын, бюджетинин аткарылышы боюнча жайыт комитетинин төрагасы А. Хамдамовдун билдирүүсү көӊүлгө алынсын;

 

2. Лейлек жайыт комитетинин 2022-жылга карата түзүлгөн бюджети, жобосу, жамааттык планы бекитилсин;

 

3. Жайыт комитетинин 2022-жылга карата сунуштаган бюджети жалпы 435 000 (төрт жүз отуз беш миң) сом болуп бекитилип, анын ичинен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жайыттарды пайдалангандыгы үчүн, 135 000 (бир жүз отуз беш миң) сом акча каражаты айыл чарба техникаларын иштетүүдөн болжолдуу түшүрүлөт деп белгиленсин.

 

 4. Жайыт комитетинен жайыттарды пайдалангандыгы үчүн жыйналуучу 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн эсебине түшүрүлүп, 2/3 бөлүгү жайыт комитетинин банктык эсебине которулуп, калган 1/3 бөлүгү айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен аткарууга алынсын.

 

5.   Жайыт комитетинин билдирмесине ылайык жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу жана тракторго тетиктерди алуу жагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен аткарууга алынсын. Жумшалган акча каражатына айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөл жүргүзсүн.

 

6. Жайыт комитетинин бюджеттик кыймылы айыл өкмөтүнө кириштелип, казына аркылуу айландыруу иштери Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн;

 

7. Жайыт комитетинин жайыттарды башкаруу боюнча айыл өкмөтү менен түзүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.

 

8. Жайыт комитетинин тракторлору айыл өкмөтү боюнча иштерди жүргүзсүн.

 

 9. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

10.     Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Райимбердиевге тапшырылсын.

 

Төрага :

Т. Мукарамов