Редакцияот 28.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги VI сессиясы

2022-жылдын 28-февралы № 6/07

Лейлек айыл аймагында жылкыларга чип басуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жаныбарларды идентификациялоо жөнундөгү» 06.06.2013-жылдагы №91 Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы «идентфткациялоо жөнүндөгү» токтомунун жана №219 «Жылкыларды идентификациялоо» жөнүндөгү буйругун ишке ашыруу максатында Лейлек айыл аймагынын «Лейлек» ветсервисинин башчысы А. Облокуловдун берген билдирүүсүн талкуулап Лейлек айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Лейлек айыл аймагында 2022-жыл ичинде жылкыларга чип басуу иштери жүргүзүлөрү тууралуу Лейлек айылөкмөтүнүн ветврачы А. Облокуловдун билдирүүсү эске алынсын.

2.  Лейлек айыл аймагында жылкыларга чип басуу үчүн тосмо (расскол) куруу боюнча иштер алып барылсын.

3.  Лейлек айыл өкмөтүнө тосмо курууга керектелүүчү акча каражатын табуу боюнча иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.  Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө Лейлек айылдык кеңешинин финансы-экономика, бюджет жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага :

Т. Мукарамов