Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Лейлек айылдык кеңешинин VII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги VI сессиясы
2022-жылдын 28-февралы № 6/11
Лейлек айыл аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жерлерин бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформация) жөнүндө
Лейлек айыл аймагынын Коргон, Кара-Суу, Ак-Терек айылдарында 2018-жылдагы жана 2021-жылдын 19-июль жана 3-6-август айлырында мөндүр аралаш катуу жааган жаандын кесепетинен жабыр тарткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүүгө ошондой эле, Лейлек айыл аймагынын Коргон, Чоюнчу, Ак-Терек, Кара-Суу жана Лейлек айылдарынын тургундарынын жер участок боюнча арыздарын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 Жер участокторду которуу (Трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобого ылайык Лейлек айылдык кеңешинин деутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек айыл өкмөтүнүн Лейлек айыл аймагындагы селден жабыркап көчүрүүгө муктаж болгон жана турак-жай салууга арыз берген жарандарды жер тилкелери менен камсыздоо үчүн түзүлгөн программасы бекитилсин.
2. Лейлек айыл аймагынын Коргон, Кара-Суу, Ак-Терек айылдарында мөндүр аралаш катуу жааган жаандын кесепетинен жабыр тарткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүүгө ошондой эле, Лейлек айыл аймагынын Коргон, Чоюнчу, Ак-Терек, Кара-Суу жана Лейлек айылдарынын тургундарынын турак-жай салуу үчүн жер участогун алуу боюнча берген арыздарын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 Жер участокторду которуу (Трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобого ылайык, Лейлек айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын Сырт участогундагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун кайрак айдоо жеринин №71 контурунан 2,70га, №75 контурунан 1,90га, №78 контурунан 2,70га, №83 контурунан 1,00га, №85 контурунан 0,70га жер. Жалпы 9,40га жер. Кара-Суу айылынын Сырт участогундагы мамлекеттин менчигинин жайыт жеринин №63 контурунан 1,80га, №69 контурунан 4,30га, №70 контурунан 0,80га, №72 контурунан 1,20га, №77 контурунан 0,50га, №79 контурунан 0,40га, №80 контурунан 2,7га, №84 контурунан 2,30га, Жалпы 14,00 га жер.
Лейлек айыл аймагы боюнча жалпы 23,40 га жерлер айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына (трансформация) которулушуна макулдук берилсин.
3. Лейлек айыл аймагынын айылдарында таштандыларды таштоочу жайларды куруу үчүн Кара-суу айылынын Боз-Көлмө участогундагы мамлекеттин менчигинин жайыт жеринин №20 контурунан 1,0га, Кара-Суу айылынын Кашка-Конуш участогундагы мамлекеттин менчигинин жайыт жеринин №112;№113 контурунан 2,0га, Чоюнчу айылынын Чарбак-Сай участогундагы мамлекеттин менчигинин жайыт жеринин №630;№746 контурунан 1,0га, Коргон айылындагы мамлекеттин менчигинин жайыт жеринин №419;№420 контурунан 1,0га. Жалпы 5,0 га жер жер айыл чарба багытындагы жерлер категроиясынан таштандыларды тайштоочу жай куруу үчүн өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу багытындагы жерлердин категориясына (трансформация) которулушуна макулдук берилсин.
4. Жогоруда которууга (трансформация) макулдук берилген жерлер айыл өкмөтүнүн муниципалк менчигине каттоого алынсын.
5. Которууга (трансформация) макулдук берилген жерлерге тийиштүү иш кагаздарын тактап даярдоо жагы Лейлек айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адиси А. Исмановго тапшырылсын.
6. Ушул токтом айылдык кеңештин каттоосунан өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн leilek.org.kg веб сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Райимбердиевге калтырылсын.
Төрага: | Т. Мукарамов |