Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №2 – кезексиз сессиясы
2022-жылдын 22-марты № 8-2-1
Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын чегиндеги “Разрез-Миң-Куш” жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген жер аянтын инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, токтом кылат:
1. Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын чегиндеги “Разрез-Миң-Куш” жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген жер аянтын инвентаризациялоо материалдары Миң-Куш айыл Өкмөтүнүн башчысынын № 18а “16” март 2022 жылы буйругу менен түзүлгөн комиссиянын сунушунун негизинде бекитилсин.
2. Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын чегиндеги “Разрез-Миң-Куш” жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген жер аянтын инвентаризациялоо материалдарын бекитип берүү Миң-Куш айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагынын чегиндеги “Разрез-Миң-Куш” жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген жер аянтын инвентаризациялоо материалдарын бекитип берүү жагы Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мин-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Жапаров |