Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №3 – кезексиз сессиясы
2022-жылдын 18-апрели № 8-3-1
Миң-Куш айыл аймагында малды тоого чыгаруу мөөнөтүн жана айып пулдарды белгилөө жөнүндө, токтом кылат:
1. Миң-Куш айыл аймагында ички жайытта жүргөн малдарын 01-июнь айына чейин сырткы жайытка алып чыгышсын.
2. Ички жайыт жана көчөдө калган малдарга төмөндөгүдөй айып пул салынсын:
- Бодого 500 сом,
- Кой эчкиге 200 сом.
3. Миң-Куш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасына төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- Жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, жайыт пайдалануучулар жана мекеме жеткечилер, тургундар арасында 7 жети адамдан турган комиссия түзүлсүн;
- Комиссия жайытка чыгуучу тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
- Ар бир өткөн жыйналыш протокол менен өтүп, ошол протколдук чечим менен иш алып барылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Жапаров |