Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №3 – кезексиз сессиясы
2022-жылдын 18-апрели № 8-3-5
Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдагы бекитилген бюджетинин айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каралган маселе бооюнча Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Н.Солобаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Миң-Куш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы кабыл алынган бюджеттик каражаттар, статьялар боюнча жылдырылсын:
Билим берүү тармагынан 3111 статьясынан (элемент 31112390) 1100,0 алынып, мамлекеттик кызмат тармагына 3111 статьясына (элемент 31112390) 1100,0 миң сом жылдырылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Жапаров |