Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIΙI-чакырылышынын Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин №3 – кезексиз сессиясы
2022-жылдын 18-апрели № 8-3-6
Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Кызматташтык жөнүндө макулдашуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү” программасынын алкагында Миң-Куш айыл өкмөтү менен түзүлгөн Кызматташтык жөнүндө макулдашуусу бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Жогорудагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн аракеттерди көрүү жана ишке ашыруу Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Алманбетовго тапшырылсын.
Төрага: | А. Жапаров |