Редакцияот 27.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы

2022-жылдын 27-январы № 10/40

Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга атайын каражатына Ɵрнɵк мал базарынан кызмат кɵрсɵтүүдɵн түшүүчү акча каражатына план суроо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышына кезектүү I сессиясы токтом кылат:

 

  1.Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн Ɵрнɵк айылындагы мал базардан кызмат кɵрсɵтүүдɵн түшɵ туруучу акча каражатына 2022-жылдын атайын каражатына 150,0 миң (жүз элүү миң) сом план каралып берилсин.

 тɵлɵɵ коду -14239900- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кɵрсɵтүүлɵр катары классификацияланган башка түшүүлɵр.

 

2.Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

 

3.Иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмотүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Жанболотко милдеттендирилсин.

 

Төрага:

А.Жамангулов

 

Тиркеме

 

Миӊ-Булак айыл аймагындагы Өрнөк мал базардан түшүүчү акча каражатынын эсеби.

 

1.  Жүк ташуучу унаалар;  ар бир унаага 30 сомдон бир жылда болжол менен 1693 унаа кирип чыгат. 30 сом*1693унаа=50790сом.

 

2.  Жеӊил авто унаалар, ар бир унаага 10 сомдон бир жылда болжол менен 960 автоунаа  кирип чыгат. 10 сом*960 унаа=9600сом.

 

3.  Майда жандыкка ( кой, эчки) 10 сом*500 баш=50000 сом.

 

4.  Бодо малга (уй, жылкы, топоз) 30 сомдон*960баш = 28800 сом.

5.  Ашкана соода түйүндөрү 200 сомдон*6 түйүн= 1200сом*9 айга = 10800 сом.

 

Баары:         150000( бир жүз элүү миӊ) сом.

 

Нач. ФЭО

Ж.Жумабек уулу