МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2022-жылдын 25-февралы № 11/42
Миӊ-Булак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга бюджетинин планын бекитүү жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга планын угуп, талкуулап, Депутаттардын Мнӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз I сессиясы токтом кылат.
1.Миӊ-Булак айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин планы, 2022-жылга тиркемеге ылайык бекитилсин.( №1 Тиркеме тиркелет 1 баракта)
2. 2022-жылга карата жайыт акыны жана чабандардын багып келген бир айлык эмгек акысын төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Кой,Эчкиге-10сом.
- Уй,Жылкыга-50сом
- Топозго-100сом
Сырттан келген малдарга бекитилген баадан эки эселенген акы алынсын.
3. 2022-жылга чабандардын көчүү, конуу мөөнөтү 5-майга чейин аяктасын жана баккан малынын бир айлык эмгек акысы, төмөндө көрсөтүлгөн баа менен бекитилсин.
- Кой,Эчкиге-50сом
- Уй-300сом
- Бука -350сом
4.Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak.naryn.region.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго жана аткаруу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Чаргыновго тапшырылсын.
Төрага | А.Жамангулов |