БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 31-марты №34
Сасык-Булак айылынын Сулайман көчөсүнүн тургундарынын жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сасык-Булак айылынын Сулайман көчөсүнүн тургундарынын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Сасык-Булак айылынын Сулайман көчөсүнүн чыгыш тарабынан батыш тарапты көздөй жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн 140 000(жүз кырк миң)сом сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | С. Осмонов |
|
|