Редакцияот 14.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2022-жылдын 14-марты № 12/49

Миӊ-Булак айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө

Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Кудайбергенов Курманбектин баяндамасын угуп жана айыл тургундарынын кайрылуусун эске алып, талкуулап Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгын “.айыл аймагында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттардын тартипке келтирүү боюнча” кабыл алынган Жобого толуктоо киргизүү жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн Жобосу бекитилсин. (Тиркеме тиркелет 5 баракта)

 

2.Бул токтомду Веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.

 

3. Токтом веб сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

4. Кабыл алынган токтомду жана Жобону көзөмөлгө алып аткаруу жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Жамангулов