Загрузка документа…
МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2022-жылдын 14-марты № 12/53
Миӊ-Булак айыл аймагынын Өрнөк айылына күн чыгыш тарабына таза суу чыгаруу үчүн резуар (суу таптоочу жай) куруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтү К.Кудайбергеновдун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” №145 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндө убактылуу жобого ылайык каралсын.
2. Миӊ-Булак айыл аймагынын Өрнөк айлындагы Бишкек-Торугарт жолунун күн чыгыш тарабынан №215 контрундагы жалпы жер аянты 0,16га жайыт “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан №215 контруна 0,16 га Өрнөк айылына таза суу чыгаруу үчүн резуар (суу топтоочу жай) курууга суу фондунун жерлерин категориясынан которуу сунушталсын.
3. Токтомду каттоодон өткөрүп, minbulak.naryn. region.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптукатчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын райондук мамлекеттик адмнистрациясына сунуштоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Жамангулов |