Загрузка документа…
МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2022-жылдын 2-июну № 14/59
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылы бекитилген сметасынын статьяларын жылыштыруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Жумабек уулу Жанболоттун жана айыл өкмөт башчысы Кудайбергенов Курманбетин баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат
1. Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө 30.05.2022-жылы келип түшкөн арыздын негизинде Асангазы кызы Айдеми “ Грек Рим” күрөшү боюнча Азия чемпионатына бара турган кызыбызга жардам катары барып келүү чыгымына 60,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө 2022-жылдагы бюджетинен каралган акча каражатынан төмөндөгү статьясынан
22154100- соц. Коргоо чыгымынан (представ. расход.) - 60,0 миӊ (алтымыш миӊ) сом акча каражатынан
22154900- кызмат көрсөтүү чыгымына - 60,0 миӊ (алтымыш миӊ) сом каралып, жылыштырылып берилсин.
2. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak.naryn. region.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
3. Иш алып баруу жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Жанболотко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Жамангулов |