Загрузка документа…
МИӉ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2022-жылдын 29-июну № 15/62
“Өрнөк” мал базарын оӊдоп -түзөө иштерине, атайын каражаттан калган калдык акча каражатын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Мусаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы токтом кылат
1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы Өрнөк мал базарын оӊдоп-түзөө иштерине, атайын каражаттан калган калдык акча каражаты каралып берилсин.
АУП
Статья-22211100-учурдагы ремонт иштерине -32,7миӊ. (отуз эки миӊ жети жүз ) сом
Жалпы баары: 32,7миӊ. (отуз эки миӊ жети жүз ) сом
2. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak.naryn. region.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жоопту катчысы А.Айтбаевага милдеттендирилсин.
3. Иш алып баруу жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Жанболотко милдеттендирилсин.
Төрага | А.Жамангулов |