КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
2023-жылдын 22-июну № 38
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылындагы Н. Жумаев көчөсүн асфальттоо үчүн каражаттарды бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджет кодексинин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Сузак райондук өнүктүрүү фондунан 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Мазар-Булак айылындагы Н.Жумаев атындагы көчөсүн асфальттоо үчүн бөлүнүп жаткандыктан, калган 467 300 (төрт жүз алтымыш жети миң үч жүз) сом акча каражатын өздүк салым катары бөлүп берүү боюнча Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы токтом кылат:
1. Мазар-Булак айылындагы Н.Жумаев атындагы көчөнү асфальттоо долбоорун ишке ашырууга 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен, өздүк салым катары 467 300 (төрт жүз алтымыш жети миң үч жүз) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Долбоорду өз убагында каржылоону камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Э. Жумуковго жана ФЭБнүн башчысы А. Райымбековага милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун максаттуу аткарылышын көзөмөлдөө жагыКөк-Арт айылдык кеңешинин бюджет комитетинин төрагасы И. Арзиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Энназаров. |