ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXIV сессиясы
2023-жылдын 6-июну № 178/24-8
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 24.04.2023-жылдагы №164/22-8 сандуу “2022-жылдын жыйынтыгы менен кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Талас шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 6-июнундагы №01-19/1382 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын ички көчөлөрүн жана тротуарларын ондоо иштерин жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан акча каражаты бөлүнүп жаткандыгына байланыштуу, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына Талас шаарынын ички көчөлөрүн асфальттоо үчүн каралган 8000,0 мин сом, Талас шаарынын Бердике Баатыр жана Ж.Рыскулов көчөлөрүнө тротуар төшөө иштерине каралган 4400,0 мин сом акча каражаты кайрадан төмөндөгүдөй өзгөртүлүп, бөлүштүрүлсүн.
- Талас шаарынын жолдорунун жана тротуарларынын курулуш иштеринин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого 5000,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы орто мектептердин, бала бакчалардын капиталдык ондоп түзөө иштеринин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого 1500,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Э.Кутманалиев атындагы стадионду капиталдык ондоп түзөө иштеринин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого 200,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын “Жаштык” конушуна таза суу түтүктөрүн киргизүү үчүн материалдарды сатып алууга 400,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Э.Кутманалиев атындагы стадионуна футбол талаасын курууга өздүк салым катары 2200,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Жолдордун курулуш иштерине жана социалдык обьектилердеги ондоп түзөө иштерин көзөмөлдөө боюнча технадзордун эмгек акысына 659,0 мин сом сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын чыгыш тарабындагы таштанды таштоочу жайды (полигон) рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн 2 441,0 миң сом акча каражаты Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага | К.Джаныбеков |