Редакцияот 22.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы

2023-жылдын 22-февралы № 2

Төрт-Күл айыл аймагынын 2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүмүнүн жана 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ

Тѳрт-Күл айыл аймагынын 2023-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүн бекитүү боюнча, Төрт-Күл айыл аймагынын ФЭБ бѳлүмүнүн башчысы А.Дүйшембиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тѳрт-Күл айыл аймагынын бюджетинин кирешелер (№1 тиркеме) жана чыгашалар (№2 тиркеме, №3 тиркеме, №4 тиркеме ) бөлүмү боюнча 19 681,8 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. 2023-жылдагы Республикалык бюджеттен алынуучу “Теӊдештирүүчү гранттын” өлчөмү 12 879,0 миң сом өлчөмүндө каралып жумшалсын, 2024-жылдын болжолдуу 12 879,0 миң сомго, 2025-жылдын болжолдуу 12 879,0 миң сомго каралды.

 

3. Жергиликтүү кирешелердин өлчөмү 6 292,8 миӊ сом өлчөмүндө каралып жумшалсын. 2024-жылга болжолдуу 7 826,5 миң сомго, 2025-жылга болжолдуу 8 402,3 миң сомго каралды.

 

4. “Атайын каражаттан” түшүүчү кирешелердин өлчөмү 510,0 миӊ сом өлчөмүндө каралып жумшалсын. 2024-жылга болжолдуу 510,0 миң сомго, 2025-жылга болжолдуу 510,0 миң сомго каралсын.

 

5. 2022-жылдын 1-январга калган 3 528,9 сом калдык акча каражаты № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

6. Атайын счеттогу жалпы суммасы 159 909,74 сом калдык акча каражаты №6 тиркемеге ылайык жумшалсын.

 

7. Жергиликтүү бюджеттин кассалык жүгүртүү өлчөмү 2023-жылдын 1-январына карата 50,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

8. Бул токтомдун аткарылышын айыл аймагынын ФЭБ башчысы А.Дүйшембиевага тапшырылсын.

 

9. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл аймагынын башчысы Ж.Зарнаевге милдеттендирилсин.

 

Айылдык

кеӊештин төрагасы

 

М.Жунушалиев

 

Катчысы

Г.Садырова