Редакцияот 22.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы

2023-жылдын 22-февралы № 4

Социалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жана 18 жашка толгон ата-энеси жок, жардамга муктаж жарандарга жер тилкесин берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде Төрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Тѳрт-Күл айыл аймагынын Социалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жана 18 жашка толгон ата-энеси жок, жардамга муктаж жарандарга мыйзамдуулугун текшерип, жер тилкесин берүү үчүн иш алып барылсын.

 

2.Бул токтомдун аткарылышы Тѳрт-Күл айыл аймагынын башчысы Ж.Зарнаевге милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.

 

Төрага

М.Жунушалиев

 

Катчы

Г.Садырова