Редакцияот 22.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы

2023-жылдын 22-февралы № 6

“Карды-Жарык” СПАнын 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, “Карды-Жарык” СПАнын жетекчиси Э.Жээнбековдун сугат суу боюнча маалыматын жана бюджети боюнча сунушун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  “Карды-Жарык” СПАнын сугат суу боюнча маалыматы эске алынсын.

2.  Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн «Карды-Жарык» СПАнын бюджети 2023-жылга 723 600 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.  «Карды-Жарык» СПАнын 2023-жылга бекитилген бюджети 723 600 сомдун аткарлышы жана «Карды-Жарык» СПАнын жетекчиси Э.Жээнбековго милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын өзүмө калтырам.

 

Айылдык

кеңештин төрагасы

 

М.Жунушалиев

 

Катчысы

Г.Садырова