ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы
2023-жылдын 22-февралы № 9
Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳт башчысынын 2022-жыл ичинде аткарган иштери жѳнүндѳ
Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳт башчысы Ж.Зарнаевдин 2022-жыл ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳт башчысынын 2022-жыл ичинде аткарган иши эске алынсын жана канааттандыраарлык деп табылсын жана 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы ѳзгѳртүүлѳрү менен кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы |
М.Жунушалиев |
Катчысы | Г.Садырова |