ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы
2023-жылдын 22-февралы № 16
“Ырыскы–Суу” ИСКАКБнын жетекчисинин 2022-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёту жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, “Ырыскы-Суу” ИСКАКБнын жетекчиси Т.Жусубалиеванын таза суу боюнча маалыматын жана бюджети боюнча сунушун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ИСКАКБ “Ырыскы-Суу”нун жетекчисинин таза суу боюнча аткарган иштери канагаттандыраарлык деп кабыл алынсын.
2. Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн ИСКАКБ “Ырыскы-Суу”нун бюджети 2023-жылга 952 200 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. ИСКАКБ “Ырыскы-Суу”нун 2023-жылга бекитилген бюджети 952 200 сомдун аткарлышы, ИСКАКБ “Ырыскы-Суу”нун жетекчиси Т.Жусубалиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын өзүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы |
М.Жунушалиев |
Катчысы | Г.Садырова |