Редакцияот 22.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы

2023-жылдын 22-февралы № 17

Төрт-Күл айыл аймагынын 01.01. 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин калган акча каражаттарын бѳлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиеванын сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” негизинде Тѳрт-Күл айыл аймагынын 01.01.2023-жылдагы калган акча каражаты баардыгы болуп 3 528 893,22 сом каражаттардын бѳлүштүрүүсү №1 тиркеменин негизинде бекитилсин.

 

2.  Бюджеттин так жана туура аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы Ж.Зарнаевге жана Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Дүйшембиевага милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Төрт-Күл айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрагасы

 

М.Жунушалиев

 

Катчысы

Г.Садырова