ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XI сессиясы
2023-жылдын 22-февралы № 19
Джумакадырова Чынара Кадыркуловнага Болот Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин эски корпусунан “Балдар билим берүү борборун”ачканга класс берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Тѳрт-Күл айыл аймагынын жашоочусу, мугалим Джумакадырова Чынара Кадыркуловнанын кайрылуусун угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин эски корпусунан 1 (бир) классттык бѳлмѳ Джумакадырова Чынара Кадыркуловнага 5 тил үйрѳнѳ турчу атайын “Балдар билим берүү борборун” ачканга убактылуу, келишимдин негизинде берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы |
М.Жунушалиев |
Катчысы | Г.Садырова |