Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы

2023-жылдын 13-апрели № 3

Жайыт комитетинин бюджетин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана Тѳрт-Күл айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга каралган бюджетин бекитүү боюнча, Төрт-Күл айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Ж.Мааткеримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Тѳрт-Күл айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетинин 2023-жылга киреше-чыгаша бѳлүмү (№1 тиркеме) 500 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.  Жайыт комитетинин 2023-жылга бекитилген бюджети 500 000 сомдун аткарылышы жайыт комитетинин башчысы Ж.Мааткеримовго милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл аймагынын башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Жунушалиев

 

Катчысы

Г.Садырова