ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 4
Темир-Канат айылындагы мектептин эски имаратын бузуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана Тѳрт-Күл айыл аймагынын Темир-Канат айылынын К.Тилеков атындагы орто мектебинин эски имаратын бузуу үчүн Тѳрт-Күл айыл аймагынын турмуш-тиричилик жактан тейлѳѳ боюнча жетектѳѳчү адис Дакенов Байсеит Мусаевичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳрт-Күл айыл аймагынын Темир-Канат айылынын К.Тилеков атындагы орто мектебинин эски имараты 09-март 2023-жыл Тоң райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын кооптуу имаратты текшерүү АКТсы жана 15.02.2023-жыл Тѳрт-Күл айыл ѳкмѳтүнүн дефектный актынын негизинде бузулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын Тѳрт-Күл айыл аймагынын турмуш-тиричилик жактан тейлѳѳ боюнча жетектѳѳчү адис Дакенов Байсеит Мусаевичтин милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл аймагынын башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Жунушалиев |
Катчысы | Г.Садырова |