Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы

2023-жылдын 13-апрели № 5

Темир-Канат айылына ФАП куруу үчүн социалдык имараттарды курууга калтырылган жер аянтын которуп берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис А.Муканбетовдун маалыматын угуп, талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын жер мунапысы жѳнүндѳ мыйзамынын негизинде Темир-Канат айылын кеңейтүү максатында бѳлүнүп жаткан №66 контурдагы “Мектептин арты” участкасындагы социалдык имараттарды курууга калтырылган жер аянтынан, ФАП куруу үчүн 0,07 га жер тилкеси бѳлүнүп берилсин.

 

2.  Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси А.Муканбетовго милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл Ѳкмѳт башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрагасы

 

М.Жунушалиев

 

Катчысы

Г.Садырова