Редакцияот 13.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы

2023-жылдын 13-апрели № 6

№5 мектепке чейинки билим берүү бѳлүмүнүн кѳмѳкчү чарбасынын малын сатуу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис А.Муканбетовдун маалыматын угуп, талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  №5 мектепке чейинки билим берүү бѳлүмүнүн кѳмѳкчү чарбасынын малын сатуу боюнча тѳраганын сунушу менен комиссия түзүлсүн.

 

2.  Бул токтомдун аткарылышы айыл чарба жана мал чарбасы боюнча адис А.Ибраевге милдеттендирилсин.

 

3.  Бул токтомдун аткарылышын мыйзамдуу жагын карап көзөмөлгө алуу жагы айыл Ѳкмѳт башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрагасы

 

М.Жунушалиев

 

Катчысы

Г.Садырова