Загрузка документа…
ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 7
Молдокматова Бурул Кубанычбековнанын кайрылуусу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Молдокматова Бурул Кубанычбековнанын кайрылуусун угуп, талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдокматова Бурул Кубанычбековнанын Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн “Арал” участкасындагы жашап, колдонуп жүргѳн жерлери мыйзамдуулугу такталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси А.Муканбетовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл Ѳкмѳт башчысы Ж.Зарнаевге тапшырылсын.
Төрага | М.Жунушалиев |
Катчы | Г.Садырова |