Загрузка документа…
ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 9
Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн веб. сайтын уюштуруу үчүн үнѳмдѳлгѳн акча каражатынан 30 000 сом акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо иретинде Тѳрт-Күл айыл ѳкмөтүнүн системалык администратор жана маалыматтык компьютердик технологиялар боюнча адис М.Жумабекованын маалыматын угуп, талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳрт-Күл айыл ѳкмѳтүнүн веб. сайтын уюштуруу үчүн үнѳмдѳлгѳн акча каражатынан 30 000 сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Ж.Зарнаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Жунушалиев |
Катчы | Г.Садырова |