ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII-чакырылышынын XII сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 11
“Бел” участкасынан “Үч-Коргон” участкасына салынып жаткан суу сактагычка топурак алуу үчүн карьер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Тѳрт-Күл айыл аймагынын “Үч-Коргон” участкасында суу сактагыч салып жаткан Кыргыз Энергострой Монтаж ЖЧК нын билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Үч-Коргон” участкасына салынып жаткан суу сактагычка топурак алуу үчүн “Бел” участкасынан жер аянты карьер уюштуруу үчүн бѳлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Зарнаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.
Төрага | М.Жунушалиев |
Катчы | Г.Садырова |