Загрузка документа…
ТѲРТ-КҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын ХХVII сессиясы
2021-жылдын 14-январы № 4
Тѳрт-Күл айыл аймагынын жерлеринен калктуу конуштар категориясына которуу маселесин кароо жөнүндө
Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн, Туура-Суу айылындагы тургундарынын арыздарын карап чыгып жана айылдык кеңештердин депутаттарынын сунуштарын белгилеп, Туура-Суу айылын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Тѳрт-Күл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳрт-Күл айыл Ѳкмѳтүнүн Туура-Суу айылындагы “Суук-Булак” участкасында жайгашкан №223-контурдагы жалпы 12,5 га жайыт жер аянты Туура-Суу айылын кеңейтүүгѳ бѳлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл Ѳкмѳтүнүн жер адиси А.Ибраевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Байсеркеевге тапшырылсын.
Тѳрт-Күл айылдык кеңешинин тѳрагасы |
М.Жунушалиев |
Катчысы | Г.Садырова |