Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2023-жылдын 17-марты № 8/2
Ак-Таш айыл аймагынынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мулккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык «Кумарык-Бек» жана “Чомо” суу пайдалануучулар ассоциацияларынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Кумарык-Бек» жана “Чомо” суу пайдапануучулар ассоциацияларынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талаптары канааттандырылсын.
2. Сугат сууга болгон төлөнүүчү акынын тарифи 1га жер аянтына 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына:
1) «Кумарык-Бек» жана “Чомо” суу пайдалануучулар ассоциациялары менен ирригациялык курулмалар түрдө мүлктү кабыл алуу-берүү актын түзсүн;
2) «Кумарык-Бек» жана “Чомо” суу пайдалалуучулар ассоциациялары менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын;
3) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
4. Ушул Ак-Таш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-мартындагы №8/2 токтомун юстициянын Ош облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын экономика, бюджет, экономикалык жактан өнгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Аматов |