Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2023-жылдын 17-марты № 8/3
Ак-Таш айыл аймагынынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2023-жылга иш-планын бекитүү жана жайлоого чыккан мал жандыктарына төлөнүүчү төлөмдөргө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Таш айылдык аймактын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2022-жылга иш-планын бекитүү жана жайлоого чыккан мал жандыктарына төлөнүүчү төлөмдөргө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймактын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2023-жылга иш-планы бекитилсин.
2. Жайлоого чыккан мал жандыктарына төлөнүүчү төлөмдөр төмөндөгүчө бекитилсин:
- Ири мүйүздүү малга 800сом
- Кой-эчкиге 190сом
- Бир гектар аянтка: жайыт жерди пайдаланганга – 1500 (бир миң беш жүз) сом, чөп чабык жерге 2000 (эки миң) сом.
3. Бул токтомду аткарууга алуу Ак-Таш айыл өкмөтүнө жана ЖПБга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Аматов |
Ак-Таш айылдык кеңешинин (сегизинчи чакырылыштагы) №8/3 токтому менен бекитилди |
Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБнын) 2023-жылга карата
ИШ-ПЛАНЫ
№ | Иш-пландар | Аткаруу мөөнөтү | Эскертүү |
1 | Малдарга мониторинг жүргүзүү | Март, май, август |
|
2 | Жайыттардын чек ара чектерин көзөмөлдөө | Апрель, Июль |
|
3 | Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди тузүү | Март, Апрель |
|
4 | Жайыт жолдорун ондоп түзөө | Апрель, Сентябрь |
|
5 | Жайытка өтүүчү кечүүлөрдү даярдоо | Апрель май сентябрь октябрь |
|
6 | Жайыт пайдалануучулардан төлөмдөрдү жыйноо | Май, июль, сентябрь, ноябрь |
|
7 | Жайыттардын инфраструктурасын куруу жана жакшыртуу | Май, июнь, июль, август |
|
8 | Зооветеринардык тейлөөнү жана мал жандыктарын көзөмөлдөө | Апрель, Май |
|
9 | Мамлекеттик салыктарды, социалдык төлөмдөрдү төлөө | Июнь, Октябрь |
|
|
|
|
|
Ак-Таш ЖПБнын 2023-жылга карата бюджетинин долбоору айыл өкмөтү тарабынан бекитилген: 1. Киреше бөлүгү – 200,0миң сом 2. Чыгаша бөлүгү – 200,0миң сом
Мындан: Жергиликтүү бюджетке өткөрүлүүчү төлөм 3/1 бөлүгү– 66,0миң сом. | |||
Мындан: Жергиликтүү бюджетке өткөрүлүүчү төлөм 3/1 бөлүгү– 66,0миң сом.
Жайыт комитетинин төрагасы: |
М.Атакулов |