Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Таш айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2023-жылдын 17-марты № 8/6
Ак-Таш айыл аймагындагы Ак-Таш айылынын С.Жороев көчөсүнүн №104 И.Турсунбаеванын үйүнө муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу жөнүндө
Ак-Таш айылындагы ата-энелердин суроо-талаптарын жана кайрылууларын эске алып, мектеп жашына чейинки балдарга таттыктуу тарбия берүү үчүн муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу максатында Ак-Таш айылдык кеңеши токтом кылат.
1.Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылындагы ата-энелердин жана жашоочулардын кайрылууларын канааттандыруу максатында, айылдагы Сайпидин Жороев көчөсүнүн №104 Ирода Турсунбаеванын үйүнө 4 (төрт) тайпага ылайыкташтырылган 120 орундуу бала бакча ачууга уруксат берилсин.
2. Уруксат берилген муниципалдык менчиктеги мектепке чейинки билим берүү уюмуна “Мурас” мектепке чейинки билим берүү уюму деп аталсын.
3. Ак-Таш айылындагы үй шартындагы бала бакчага чыгымдалуучу чыгымдар эки тараптуу келишимге ылайык жүргүзүлсүн.
4. “Мурас” мектепке чейинки билим берүү уюмуна бардык шарттарды түзүү жана тийиштүү жактардан уруксат алууга керектүү болгон бардык иш-кагаздарын даярдоо жагы үй ээси Ирода Турсунбаевага жүктөлсүн.
5. Ак-Таш айылында ачыла турган “Мурас” мектепке чейинки билим берүү уюму үчүн штат бирдиктерин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
6. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына, көзөмөлдөө жагы Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акимов Бекназар Таалайбековичге жүктөлсүн.
Ак-Таш айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Аматов |