Редакцияот 07.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаны-Талап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII - сессиясы

2023-жылдын 7-марты № XVII/1

Жаны-Талап айыл аймагында ичүүчү сууга болгон тарифин бекитип берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамына ылайык Депутаттардын Жаны - Талап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.  Жаны-Талап айыл аймагында ичүүчү сууга болгон баасы:

Ичүүчү сууга 20 сомдон 35 сомго үйүнөн жана чоргоодон ичкендерге 13-февраль 2023-жыл №1-элдик жыйындын протоколу менен баалар кѳтѳрүлгѳндүгүнѳ байланыштуу жогорулатылып бекитилсин.

 

2.  Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳт башчысына милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдүккѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырамын.

 

Төрагасы:

Ж.Турдубеков