Редакцияот 07.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаны-Талап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII - сессиясы

2023-жылдын 7-марты № XVII/3

Жаны -Талап айыл аймагында жайыт комитетинин тарифин бекитип берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамына жана жайыт мыйзамына ылайык Депутаттардын Жаны - Талап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.  Жаны -Талап айыл аймагында жайыт акынын баасы:

Бодо мал 60 сомдон 100сомго

Кой-эчки 12 сомдон 20 сомго 13-февраль 2023-жыл №1-элдик жыйындын протоколу менен баалар кѳтѳрүлгѳндүгүнѳ байланыштуу жогорулатылып бекитилсин.

2.  Жаны-Талап айыл аймагында жайыт комитетинин жетекчисинин жана бухгалтеринин эмгек акысы 9500 (тогуз миң беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳт башчысына милдеттендирилсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдүккѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырамын.

 

Төрагасы:

Ж.Турдубеков