Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 8-февралы № 16/5
Кулунду айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 16-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын Тажик Республикасынын агрессиялык кол салуусунда чек араны коргоодо баатырларча курман болгон Абдумалик уулу Медетбекти жана Набиев Алишер Бостоновичтин жаркын элесине арналган 2023-жылдын 23-февралындагы Лейлек району боюнча өткөрүлүүчү волейбол оюнуна Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 80 000 (сексен миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык Кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев