КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 8-февралы № 16/7
Кулунду айыл аймагы боюнча айылдарды мүлк салыгынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин” 412-беренесин ылайык, Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 16-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек ара коогалаңында Кулунду айыл аймагынын Максат, Интернационал айылдарындагы жабыр тарткан салык төлөөчүлөрдүн (коммерциялык объекттер) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 13-бөлүмү Мүлк салыгынын 324-беренесинде көрсөтүлгөн 2-3-топтогу мүлк салыктарынан жарым жартылай бошотулушуна макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев