Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 24-февралы № 17/5
Кулунду айыл аймагындагы трансформаторлорду жана электр мамычаларын Лейлек райондук электр тармагынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кулунду айыл аймагындагы Кулунду айылынын Жети-Көпүрө, Баймат, Калмак, Уста дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн арызын кароо үчүн Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отурумунун №17/1 протоколунун чечиминин 6-пунктунун негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагынын Уста дыйкан чарбасынын Баймат, Жети-Көпүрө, Калмак дыйкан чарбаларынын жеринде жайгашкан трансформаторлор жана Кулунду айыл аймагындагы трансформаторлору жана электр мамычалары Лейлек райондук электр тармагынын балансына өткөрүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев