Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун

2023-жылдын 24-февралы № 17/8

Депутат Б. Ташбекованын сунушу  жөнүндө

Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Б. Ташбекованын сунушун кароо үчүн Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отурумунун №17/1 протоколунун чечиминин 11-пунктунун негизинде  Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Б. Ташбекованын сунушу жактырылсын.

2. Кулунду айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Кулунду маданият үйүнүн арт жагындагы аянты 120 м2 болгон залыны 18 (он сегиз) жаштан жогору тургундар үчүн фитнес клуб ачып, пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

3. Кулунду айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин Инвестицияга каралган 8000000 (сегиз миллион) сомдун четинен фитнес клубга 150000 (жүз элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.     

 

Кулунду айылдык Кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                Ш. Н. Орозалиев