Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясынын отурумунун
2023-жылдын 24-февралы № 17/10
Кулунду айыл аймагындагы короолордун ижарасын узартуу жөнүндө
Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 17-отурумунун №17/1 протоколунун чечиминин 10-пунктунун негизинде Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагынын “Коросон” участкасынын “Шырыкты” кыштоосунан 8-03-07-0015-2077 А кодундагы эски короонун ордун убактылуу пайдаланууга берилген 2003-жылдын 28-ноябрындагы ижара келишиминин мөөнөтү узартылып берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Кулунду айылдык Кеңешинин төрагасы: Ш. Н. Орозалиев