Загрузка документа…
ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Талап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVII - сессиясы
2023-жылдын 7-марты № XVII/7
Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү, натыйжалуу инфраструктура түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2022-жылдагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У.Айтмамбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Жаны-Талап айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2022-жылдагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгы айыл өкмөтүндө жетекчиликке алынсын.
2. “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү, натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыктын айыл өкмөтүндө жобосу иштелип чыксын.
3. Иштелип чыккан жобонун негизинде иш-чаралар планын түзүү жана аткарылышын камыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Айтмамбетовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаны-Талап айылдык кеңешинин тийиштүү тармактык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрагасы: | Ж.Турдубеков |